“Кыргызстан” фракциясы: “Алдын-ала маалыматтар боюнча Асылбек уулу Дамирбектин  күнөөсү жок”

“Кыргызстан” фракциясы: “Алдын-ала маалыматтар боюнча Асылбек уулу Дамирбектин  күнөөсү жок”

“Кыргызстан” партиясынан ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстанда кармалышы боюнча “Кыргызстан” фракциясы чукул жыйын өткөрдү.

“Кыргызстан” парламенттик фракциясынын билдирүүсүндө айтылгандай, Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалып, анын арасында Кыргызстандын 3 жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин бар экендигин тастыктаган маалымат тараткан. Бул окуя боюнча “Кыргызстан” фракциясы чукул жыйын өткөрдү.

Асылбек уулу Дамирбек “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын активдүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстан спортуна да чоң салымын кошуп келген. Аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн көтөрүүдө алгылыктуу бир топ иш-аракеттерди жүргүзгөн.

ЖМКда жазылган бул окуя “Кыргызстан” парламенттик фракциясы үчүн күтүүсүз болду.

Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок деген маалымат бар. Парламенттик фракция КРнын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук органдары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселеде Казакстандын тиешелүү компетентүү органдарынын мыйзамдарын толук сактоо менен, күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебеленбестен, акыйкат изилденип, чечилет деп ишенебиз”  деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты