Мектептерде баңгизатын жайылткан эки студент кармалды

Мектептерде баңгизатын жайылткан эки студент кармалдыИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы  жогорку окуу жайлардын биринде окуган студенттер Бишкектин орто мектептеринде баңгизаттарды тараткандыгын таап чыкты.  

2018-жылдын 15-февралында  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга багытталган ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада ЖОЖдун биринде окуган 1996-жылы туулган Б.Я. аттуу студентти кармаган.
Б.Я. нын  жанынан кара куурай сыяктуу өзгөчө жыты бар, кочкул-күрөң түстөгү жалпы салмагы 26 грамм гашиш табылган.
Кылмыш ишине шектүү катары  дагы бир 1997-жылы туулган Г. А. аттуу жаран кармалып, андан 15 граммды түзгөн баңгизаты (гашиш) алынган. Г.А. жашаган жеринен  7 грамм салмактагы баңгизаты (гашиш) табылган.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан  аларга кылмыш иши козголгон.

Тагыраак айтсак,  Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 247-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош заттарды же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде.
Учурда  ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты