Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек Казакстанда эки айга камалды

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек Казакстанда эки айга камалды

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбекти жана дагы анын 3 өнөктөшүн Казакстанда атайын операциянын негизинде камакка алгандыгы тууралуу кабардан кийин КР Тышкы иштер министри Казакстан ТИМине нота жиберип, анын жообун алгандыгы маалым. Казакстан тарап 15-февралда атайын операциянын негизинде Кыргызстандын 4 жараны кармалгандыгын билдирген.

Алматы шаарынын соту Казакстанда ушул жылдын 15-16-февралында өткөн атайын операциянын негизинде кармалган 29 жаранды эки айга камады. Алардын арасында Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбек жана кыргызстандыктар Чынгыз Абакиров, Уланбек Мурадилов бар. Ал эми  кыргызстандык төртүнчү жаран, такталбаган маалыматтарга караганда кое берилген. Уланбек Мурадиловдун Кыргызстанда төрт компаниясы бар экени ЖМКда жазылууда.

Буга чейин Казакстан прокуратурасы 15-16-февралда Улуттук Коопсуздук комитети жана Коррупцияга каршы бюро менен бирдикте бажы тармагында уюшкан кылмыштуу топторго жана контрабанда менен күрөшүү боюнча атайын операциянын негизинде Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустары жана Алматы шаарында атайын операция өткөргөн. Анын негизинде 29 адам кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган. (Анын адегенде экөө кыргызстандык деп айтылса, кийин төртөө  деп айтылган, такталбаган маалыматтарга караганда бирөө бошотулган).

ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбек мурда Чынгыз Абакиров жана Улан Мурадилаев менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунда бирге иштегендиги маалым болгон.

Бул окуя боюнча Адил Турдукулов фейсбук баракчасына мындай деп жазган:

—Албетте, Жогорку Кеңештин депутатынын Казакстанда кармалышы биз  “парламенттик өлкөбүз” деп сыймыктанып жүргөн мыйзам чыгаруу бутагын мурунга бир черткендей эле болду.

Менин жашташ замандашым жана күрөш боюнча спорттун чеберинин мурда алкомагнат Абдыкеримов менен бирге өзбек кылмыш тобунун кадырлуу кишиси менен алака түзүп жүргөндөрү кызыктуу.

Асылбек уулу Дамирбектин иши “Мегаком” компаниясы менен тыгыз байланыштуу.

2008-жылы ал БиМоКом компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болгон, ал компания мурда Айдар Акаевге таандык эле, андан кийин ал компанияны Максим Бакиев тартып алган. Андан бир жылдан кийин ЖЧКны банкрот кылып, бул “азамат” Максим Бакиев менен бирдикте “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна бардык активин которгон.

Ошол кызматы үчүн ал 2009-жылы ЖК депутаттыгына келген. Революциядан кийин коррупциялык схемалар дагы эле өнүгө баштаган.

2010-2015-жылдары күрөш боюнча спорттун мастери “Альфа Телеком” ЖАКынын мамлекеттик органдар менен байланышын коргогон. Башкача айтканда, бул киши ким менен кандай байланыш түзүүнү жакшы билген.

Бирок анын “тажрыйбасынан” компания утулушка кириптер боло баштаган. Эгер 2011-жылы “Мегакомдун” кирешеси 50 миллион доллар болсо, мамлекеттик казынага салык жана дивиденттер менен бирге 40 млн ашык доллар төлөгөн. Ал эми кийинки жылы компания башка “түшүнүксүз” төлөмдөр менен катар 20 млн долларга жакын салык төлөгөн.

Бирок ошого карабай, Дамирдин кызматы жогорулап олтурган, баягы эле “Кыргызстан” партиясынын башкы каржылоочусу Шаршенбек Абдыкеримовдун аркасы менен ал кайрадан кыргыз парламентинин депутаты болгон.

Эми казакстандык тарап депутаттын күнөөсүн так айтып берээр, ансыз деле буга чейин анын канча “таза эмес”  иштери бар эле. Ал жакта, кудайга шүгүр, ИИМ министри болуп жан сакчы, атайын кызматтын башчысы болуп басма сөз катчысы олтурган жок да.

Мына ушундай “эл өкүлдөрү” үчүн 2010-жылдын 7-апрелинде аянтта  87 бала жанын кыйды беле!” дейт Адил Турдукулов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты