Маданият министрлиги калпакты импорттоого тыюу салууну сунуштады

Маданият министрлиги калпакты импорттоого тыюу салууну сунуштады

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанга ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу сунушун көтөрдү. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук угууга чыгарылды.

Министрликтин башкы адиси Атыркүл Сейизованын «Азаттык» радиосуна билдиришинче, бул демилге улуттук каада-салттарды колдоо, улуттук маданиятты көтөрүү жана баалуулуктарды кеңири жайылтуу максатын көздөйт.

Кыргызстанда сатылып жаткан калпактардын айрымдары Кытайда даярдалганы айтылып келет.

Буга чейин Жогорку Кеңеште бийлик башындагыларды жана спортчуларды чет элге барганда калпак кийүүгө милдеттендирүү демилгеси да көтөрүлгөн.

Кыргызстанда 5-мартта Ак калпак күнү белгиленет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты