ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбекти Казакстанда неге кармашты?

ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбекти Казакстанда неге кармашты?КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бир катар ЖМК 15-16-февралда Казакстан тарап атайын операциянын негизинде 29 жаранды кармагандыгы, такталбаган маалыматтарга караганда анын ичинде эки кыргызстандык жаран болгондугу айтылат.

Кыргыз ТИМине шашылыш түрдө 16-февралда Казакстандын Кыргызстандагы консулу Е. Абишев чакырылган. Жолугушуу учурунда Е. Абишевге Кыргыз Республикасынын нотасы тапшырылып, ал маалыматты же төгүндөө, же бул окуя жана кармалгандар боюнча маалымат берүүнү талап кылган.

Айта кетсек, 16-февралда Tengrinews.kz сайты жана бир катар ЖМК Казакстан Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынын маалыматына таянып, үч облуста жана Алматыдагы атайын операциянын негизинде 29 шектүү адам кармалгандыгы тууралуу жазган, анын 16сы Алматы шаарынан, Алматы жана Жамбыл облустарынан, ал эми үчөө Түштүк Казакстан облусунан 13 киши болгон.

“Кармалгандардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын жооптуу кызматкерлери, брокерлер, ортомчулар, кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле кыргызстандын эки жараны бар” деп айтылат ал маалыматта.

Barometr.kg сайтынын жазганы боюнча, кыргызстандык эки жарандын бири—“Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек болуп саналат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты