31-октябрь: Нарында жоголгон ата-бала бүгүн да изделип жатат

  • 5 дней мурун

Нарында жайлоого мал кайтарууга кетип жоголгон ата менен баланы издөө иштери бүгүн, 31-октябрда да улантылып жатат. Издөө иштерине жалпы 106 адам жана 9 дрон тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине Жумгал районунда ӨКМнын 60 кызматкери жана 6 дрону, ал эми Ички иштер министрлигинин 20 кызматкери жана 3 дрону тартылган. Ата менен баланы издөөгө 26 жергиликтүү тургундар да катышып жатат.

«Алар 22 топко бөлүнүп издөө иштерине чыгышты. Бул райондо издөө иштери Өрнөк айылынан баштап Көкөмерен дарыясын болбой 30 чакырымына чейинки тилкесинде жүрөрү мерчемделген»,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми Токтогул районунда Камбар-Ата 2 ГЭСтинен Токтогул суу сактагычына чейинки жана Камбар -Ата 2 жана Камбар-АТА 1 ГЭСтеринин аралыгындагы Нарын дарыясын бойлой ӨКМден 8 куткаруучу ИИМдин 2 кызматкери менен биргеликте эки топко бөлүнүп издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Эске салсак, ата-бала 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ӨКМнын «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган. 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши 19-октябрдан бери жүрүүдө.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты