СДПК “Единая Россиядан” консультация алат

СДПК “Единая Россиядан” консультация алат

“Единая Россия” партиясынын сайтында “Единая Россия” партиясы менен Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге 15-февралда кол коюлганы айтылат.
“Единая Россия” партиясынын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак, СДПК партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов эки партиянын ортосунда кызматташууга кол коюшту.
“Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык карым-катнаштын жогорку деңгээли биздин партиянын мамилелери арасына да жайылтылат деп ойлойм” деди Андрей Турчак.
Ал эми СДПК партиясынан Фарид Ниязов “Единая Россия” партиясы бардык башталыштарда Президенттин (ред.: Россия президенти В. Путиндин) тиреги экенин билебиз” деп айтты Ниязов. “Партиялык курулуш жагынан “Единая Россия” абдан чоң иштерди жүргүзүп жатат. Биз бул маанилүү багытта консультация алгыбыз келет” деди Фарид Ниязов.
Айта кетсек, СДПК партиясынын съезди улам кийинкиге жылдырылып олтуруп, январда, эми апрель айында, 7-апрелде өтүшү мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Съездде партиянын төрагалыгына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шайланышы күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты