Кадыров менен Карыбеков №1 тергөө абагына которулду

Кадыров менен Карыбеков №1 тергөө абагына которулдуАбакта ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын экөө — Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф “Азаттыкка” билдирди.

Никсдорф муну Бишкек шаардык сотунун чечими күчүнө киргени менен түшүндүрдү. “Андан ары алар жазасын өтөө үчүн кайра дагы башка колонияларга бөлүштүрүлөт” дейт ал.

Ал эми Бектур Асанов болсо ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу үчүн №47 колонияда кармалууда.

Камактагылардын адвокаты Марс Кыдыкбаев болсо ачкачылык кармаган үч саясатчыны үч башка колонияга бөлүп камоо аракети жүрүп жатканын айтып, муну алардын жакындарынын нааразылыктарын ар кайсы жакка чачыратуу деп түшүндүрдү. Ал ошондой эле аталган колонияларда саясатчыларга “каралар” тарабынан ар кандай ыдыктар көрсөтүлүшү мүмкүн дейт.

Үч саясатчынын ата-энелери жана жакындары аларды бүгүн эртең менен абакка киргизүүнү талап кылып №47 колониянын алдына чогулушкан. Аларга уруксат берилген-берилбегени азырынча белгисиз.

«УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин» жана «соттор адилет чечим чыгарсын» деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери «кургак ачкачылык» кармай баштаган. Алар «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.

Бектур Асановдун адвокаты анын абалы оорлой баштаганын айтууда. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирип келет. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тартып суу иче баштаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты