“Саякбай” фильми — Лондондо

“Саякбай” фильми - Лондондо2018-жылдын 10-17-февралында Лондондо өтүп жаткан эл аралык фестивалда режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай. ХХ кылымдын Гомери” аттуу фильми көрсөтүлдү. 

Иш-чарага Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери жана кинокомандадан Айзада Өмүралиева, Айгүл Кыдыралиева катышты.

Көркөм тасмада залкар манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы экрандаштырылып, Чыңгыз Айтматов менен жолугушуу учурлары бар.

Батыш көрүүчүлөрүнө кыргыз элинин турмушу, Саякбай Каралаев жана Чыңгыз Айтматов тууралуу фильм кызыгууну жаратты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады

Аталган фильм Монреалдагы фестивалда “Алтын меридиан”,  “Оозеки чыгармачылык салты үчүн визуалдык инновация” сыйлыгын жеңип алганын эсиңиздерге сала кетели.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты