4-класстын окуучусун зордуктоого аракет

4-класстын окуучусун зордуктоого аракетБишкектеги “Туңгуч” кичирайонундагы №73 мектептин дааратканасына кирген киши 4-класстын окуучу кызын зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.  

9-февралда болжол менен күндүзгү саат 11де милицияга бул тууралуу телефон кабары түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшү аныктагандай, М. уулу М. мектепке, кыздар дааратканасына баш багып, 4-класстын окуучу кызын зордуктоого аракет кылганда, кыздын классташы мугалимдерди жардамга чакырган. Алар келгиче тиги кыз качып чыккан. Зөөкүр алыс качкан эмес, мектептин кароолчусу кууп барып кармап калган.

М. уулу М. үстүнөн кылмыш иши козголгон. Ал мас экендиги аныкталган. Мектеп директору менен окуу бөлүмүнүн башчысы окуя мектептин ичинде эмес, сыртында болгондугун айтышкан. Бирок мектептеги видеокөзөмөл ал кишинин мектептин ичине кирип келгенин көрсөткөн.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты