Чек арадан сымап менен 4 казакстандык кармалды

Чек арадан сымап менен 4 казакстандык кармалды“Кең-Булуң-автодорожный” өткөрмө пунктунун чек арачылары Кыргызстанга сымап алып өтүүгө ниеттенген казакстандык төрт жаранды кармады. Айта кетсек, сымапты алып жүрүүгө тыюу салынган. Кармалган жарандардын унаасын  текшере келгенде чек арачылар сүлгүгө оролуп жана скотч менен бекитилген  “РЕАХИМ Р» аттуу кызыл сымап куюлган бир литрлик келген эки банканы табышкан.

Казакстандык жарандар кармалып, сымап куюлган бөтөлкөсү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.  Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-февралда кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты