Журналисттерди жактоо эл аралык комитети:  Эльнура Алканованы күнөөлөө  токтотулсун!

Журналисттерди жактоо эл аралык комитети:  Эльнура Алканованы күнөөлөө  токтотулсун!Журналисттерди жактоо боюнча эл аралык комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин журналист Эльнура Алканованы күнөөлөгөндү токтотууну уюмдун баракчасына 13-февралда жазды.

Эльнура Алканова Кылмыш Кодексинин эки беренеси менен айыпталып жатат—“Коммерциялык, банктык же башка сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн” жана “Коммерциялык, банктык же башка сырды, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн купуя маалыматтарын ачыкка чыгаргандыгы үчүн”.

Айыпты Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүсү коюуда. Журналисттерди коргоо эл аралык уюмунун билдирүүсүндө, Эльнура Алкановага коюлган айыптын саясий себеби бары, бул анын иликтөөлөрүнө тиешелүү экендиги айтылат.

Комитет Кыргызстандын бийлигин “Алканованын ишин токтотууга, анын репрессиядан коркпой, өз ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө” чакырат.

Алканова Максим Бакиевдин коттедждери кимдин колуна өткөндүгүн жана мамлекетке кеминде 10 млн доллар зыян келтирген  бул чуулгандуу иштин артында ким тургандыгын иликтөөгө алган.

Мында сөз болгон  “Идеал Хаус” ЖЧКсын 142 млн сомго “ВостокТехКомлекске сатылган. “Идеал Хаус”  ЖЧК Максим Бакиевге таандык болгон. Ал “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясы тарабынан жер алып, бир катар коттедждерди курган. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин ал курулуштар улутташтырылган.

Материал жарыкка чыккандан кийин БТА–банк Эльнура Алканованын үстүнөн кылмыш ишин козгоону суранган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты