Мирлан Бакиров: “Депутат айымдардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Бул –парламенттин аброю”

Мирлан Бакиров: “Депутат айымдардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Бул –парламенттин аброю”15-февралдагы Жогорку Кеңештин парламент жыйынында өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелер козголуп жатты.

“Өнүгүү” фракциясынын  депутаты Мирлан Бакиров Базар-Коргон районундагы Жай-Терек айылындагы №29 мектеп  авариялык абалда болгонунан улам  2015-жылы 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жараксыз деп табылып, балдарды окутууга тыюу  салынгандыгы тууралуу маселени козгоп, муну эске алууну Өкмөттүн өкүлүнөн өтүндү.   Ал мектептин бир имараты 1936-жылы курулгандыгын айтты.

Ошондой эле ЖК депутаты  Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин жөө жүргөн депутаттары үчүн уялган Камчыбек Жолдошбаевдин  ЖК депутаттарына транспорт бөлүү маселесин колдоого алуу керектигин белгиледи:

—Депутаттардын 5-10 пайызынын, айым депутаттардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Мыйзамда так көрсөтүлгөн норма. Ал—парламенттин аброю. Эл аралык байланыштагы, парламенттер аралык байланыштагы норма бар” деп журналисттерди ЖК депутаттарын транспорт менен камсыздоо маселесин колдоого чакырып кетти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты