Бишкек жылуулук борбору: Комиссиянын алдын–ала жыйынтыгы

Бишкек жылуулук борбору: Комиссиянын алдын–ала жыйынтыгы

“Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” дегендей…

Вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы менен Бишкек жылуулук электр борборундагы көйгөйлүү абалдын чыгуу себептерин иликтөө боюнча ведомство аралык комиссиянын алдын-ала жыйынтыгы чыгарылды.
Ведомстволук комиссия алдын-ала жыйынтыгында буларды белгилейт:
—Технологиялык бузулуунун алдын- ала себеби катары оперативдик персоналдын тузсуз суу бактарындагы деңгээлди төмөндөтүүдөгү макулдашылбаган аракети болуп саналат, бул авариялык абалдын курчушуна алып келген;
—Иликтөөнүн алдын- ала жыйынтыктары боюнча аныкталгандай, Бишкек шаардык ЖЭБ кызматкерлери жана жабдуусу температуранын -30 градуска чейин төмөндөшүнө даяр эмес болгон;
—Ага карабастан, 2018-жылдын 24-январында химиялык тузсуздандырылган суунун чыгымы 1,5 эсеге көбөйтүлүп жана кийинки күндөрү суунун чыгымы казандарды жууганга, жылытууга, фильтрлерди регенерациялоого, 3-блокту ишке киргизүүгө даярдоо үчүн жогорулатылган;
—Химиялык тузсуздандырылган суунун деңгээлинин төмөндөө себептерин иликтөөдө белгиленгендей, бактардагы суунун деңгээлинин датчиктери тоңуп жана алардын көрсөткүчтөрү иш жүзүндөгү көрсөткүчкө дал келген эмес, иштеп жаткан насостордун монометрлерине аба толуп калган. Мындан тышкары, насостордун фильтрлерин ачууда анда түтүктөрдүн ар кандай калдыктарынын фрагменттери чыккан;
—Оперативдик персонал химиялык тузсуздандырылган сууну берүү боюнча жабдуунун ишинин штаттык эмес режиминин келип чыгуусун өз учурунда аныктай алган эмес, ар бир цехтин кызматкерлери өз алдынча иш алып барып, аварияны жоюу боюнча инструкциянын талаптарына ылайык, оперативдик персоналдын аракетин жалпы координациялоо болгон эмес;
—Бишкек шаардык ЖЭБдин абалынын андан аркы татаалданышына тышкы импульстук түтүктөрдүн, контролдук-өлчөгүч аспаптардын жана ар бир өчүрүлгөн казан агрегатындагы автоматиканын тоңуусу себеп болгон. Казандардын тоңусуунун алдын- алуу үчүн алардан суу төгүлгөн, ал эми импульстук түтүктөрдө жана казандар менен байланыштыруучу түтүктөрдө калган суулар тоңуп калган;.
—Казандарды ишке кое берүү үчүн суу менен толтурулганда, импульстук түтүктөрдөгү тоңгон жерлерде жаракалар пайда болгон, аларды оңдоо үчүн суу төгүлүп, оңдолгон соң кайрадан толтурулган. Казан агрегаттарын ишке киргизүү үчүн калган тоңуп калган импульстук түтүктөр жана байланыштыруучу түтүктөр от  менен жылытылып турган, ага убакыт талап кылынган.
—2018-жылдын 26-январында Бишкек шаардык ЖЭБдеги жылуулук энергетикалык жабдуунун иши бузулганда, буу казандары сууга толтурулган 3-блоктун ишке киргизилбегендигинин себеби болуп химиялык тузсуздандырылган суунун көлөмүнүн жетишсиздиги болгон . Ал эми кийинки күндөрү суунун көлөмү казан толтурууга жетишсиз болгон, ал үчүн 240 тонна керектелген.  Үчүнчү блок 2018-жылдын 30-январында ишке киргизилген, Бишкек шаардык ЖЭБинин ишинин нормалдуу режими 2018-жылдын 2-февралында калыбына келтирилген.
Өткөрүлгөн иштин алдын- ала жыйынтыктары боюнча аныкталгандай, авариянын себебине аварияны жоюуда оперативдик персоналдын макулдашуусуз аракеттери, жабдуу үчүн суунун жетишсиз көлөмү, имараттардын жана курулуштардын күз-кыш мезгилин өтүүгө даяр эместиги, 3-блокту ишке киргизүүнүн создуктурулушу негиз болгон.Мындай маалыматты Өкмөттүн ЖМК менен иштөө бөлүмү таратты.
Ал эми комиссиянын алдын-ала маалыматы, биздин оюбузча, “Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын…” дегендей эле болуптур. Эми парламенттик комиссиянын жыйынтыгы кандай болор экен?

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты