Саясий ачкачылык: Эртең витаминден да баш тартышат

Саясий ачкачылык: Эртең витаминден да баш тартышатТүрмөдөгү оппозициячыл саясатчылар, бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы үчүн деген айып менен камакка алынган  Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылдан, Эрнест Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылгандыгы белгилүү. Дастан Сарыгулов шарттуу төрт жылга кесилип, сот залынан бошотулган.    

Бийликти күч менен тартып алууга ниеттенгендиги үчүн айыпталып, камакка алынган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков карандай ачкачылык жарыялап,  тамактан, суудан баш тартканына 11 күн болду.

Карандай ачкачылык кармагандар мамлекеттик коопсуздук жана сот системасындагы өзүм билемдикке каршы чыгышууда. Бектур Асанов жакында  өтүнөн операция болгон. “Үчөө тең эки жылдан бери камакта жатышат, алардын ден-соолугуна залака келүүдө” дейт Саясий камактагыларды коргоо комитетинин мүчөсү Зульфия Марат.

Эгер, эртең, 15- февралга чейин алардын талабы аткарылбаса, мамлекеттик Коопсуздук кызматынын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан алынбаса,  15-февралдан тартып саясий ачкачылык кармагандар организмди кубаттап турган глюкоза, витаминден да баш тартууга ниеттенип жатышканын “Ак үй” алдына чыккан митингде Зульфия Марат билдирди.  Бирок алар карандай ачкачылык кармагандарды бул ниеттен баш тартууга чакырышууда.

Ошол эле кезде 8-февралдагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сот, прокуратура, финансылык полиция, Улуттук Коопсуздук кызматы жана Ички иштер кызматын кескин сынга алып, бул жагынан чечкиндүү кадамдарга бараарын билдирген.

“Мени эл шайлаган, ошондуктан жарандардын укугу бузулган жерде, мен ал иштерге киришем” деп белгилеген мамлекет башчы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында.

 Айжан Айтышева      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты