Тажикстан: Ундан уулангандар

Тажикстан: Ундан уулангандар

Sputnik Таджикистан маалымат агенттиги Тажикстандын Тоолуу- Бадахшан облусунун жашоочулары ундан уулангандыгын жазып чыкты. Ун тартуучу буудайды жеке ишкерлер алып келгендиги маалым болгон.

Тоолуу Бадахшан облусунун Ишкашим районунда  жергиликтүү көпчүлүк калк ундан ууланган.  Ун тартылган беш миң тонна буудайды 2017-жылдын август айында жергиликтүү ишкер алып келген.

Ал буудайдан тартылган ундан нан жасап жешкен Курбонбековдордун үй-бүлөсү уулануу белгилери менен облустук ооруканага түшкөн. Врачтардын аныктоосуна караганда ууланган  кишилердин организмине гелиотроп аттуу уулуу зат түшкөндүгүн аныкташкан.

31-январда ооруканада 11 жаштагы бала уулануудан улам каза тапкан.

Учурда ооруканага ундан ууланган 19 адам жаткырылган, алардын сегизи балдар. Бир баланын абалы катуу экендиги айтылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты