Подмосковьеде жүргүнчү ташыган учак кулады
- 7 лет мурун
- Маек
Домодедово аэропортунан учуп чыккан Ан-148 Подмосковьеде кырсыкка учурады.
Маалыматка ылайык, учуп чыккандан соң эки мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. «Саратов аба жолдору» компаниясына таандык Ан-148 Москвадан Орск шаарына багыт алган.
“Интерфакс” агенттигинин маалыматына караганда, Ан -148 үлгүсүндөгү учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.
Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!