30-августтан баштап ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

  • 11 месяцев мурун

21-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, жалпы коопсуздук иштери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда 31-август Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь окуу жылынын башталышы, 10-сентябрь Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана башка маанилүү иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо туурасында сөз болду.

Улан Ниязбеков: “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мыйзам бузуп, кармалган ички иштер органдарынын айрым кызматкерлерине байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди так аткарбагандыгы, өздүк курам арасында жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн, айрым жетекчилер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алдык. Бул акыркы чечим эмес. Анткени, буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде “эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула” деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакынкы арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз. Кызматка жаңы дайындалган кесиптештерге тапшырма: Кыска мөөнөттүн ичинде, баардык кемчиликтерди жеринде жоюп, алгылыктуу иш алып барыңыздар” — деди.

Министр 30-августтан баштап жалпы ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда кызматтык милдеттерди аткаруу жогорку деңгээлде ишке ашырыла турганын айтты.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты