Пхенчханда Кышкы олимпиада ачылат

Пхенчханда Кышкы олимпиада ачылат

Кышкы олимпиада, бүгүн, 8-февралда, Кыргызстан убактысы боюнча саат 17.00дө ачылат. Ачылыш аземин стадиондон 35 миңдей киши көрөт.

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-февралдан 25-февралга чейин өтө турган Кышкы олимпиадага Кыргызстандан эки спортчу—Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев катышат.  Евгений Тимофеев “слалом” жана “гиганттык слалом”, Тариэл Жаркымбаев лыжа тебүү боюнча ат салышат.   Евгений Тимофеев кышкы олимпиадага экинчи жолу катышып жатса, Тариэл Жаркымбаев биринчи жолу катышмакчы. Кыргызстандын желегин Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыгат.

Айта кетсек, Кыргызстан Кышкы олимпиадага 1994-жылдан бери катышып келет.   Пхенчхандагы Олимпиадага Түркмөнстан, Тажикстандан өкүлдөр катышпайт, Кыргызстан менен, Өзбекстандан экиден, ал эми Казакстандан баарынан көп—46 спортчу катышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты