Кыйноо-кыстоолордун 95% — ички иштер органдарында

Кыйноо-кыстоолордун 95% - ички иштер органдарында

Кыйноонун алдын-алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманкулов 8-февралда өткөн Бишкектеги пресс-конференцияда жарандарды кыйнап-кыстоолордун 95%  милицияга тиешелүү экенин белгиледи. Пресс-конференция Акыйкатчы институтунун, укук коргоочулардын катышуусунда, “Кыйноосуз келечек!” аттуу чакырык менен өткөрүлдү.  

Кыйноонун алдын-алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманкулов жарандардан кыйноо боюнча 217 кайрылуу түшсө, анын 104ү кыйноолорго даттануу арыздары экенин мисал келтирди.

Анын айтымында, жарандарды кыйноонун:

95 пайызы — Ички иштер органдарына;

8 пайызы — Улуттук коопсуздук кызматына;

Бир пайызы — Жаза аткаруу кызматына туура келет.

Кыйноого карата даттанган эки жарандын арызы боюнча кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты