Кыргызстандыктар Бельгия федералдык полициясынан тажрыйба алышат

Кыргызстандыктар Бельгия федералдык полициясынан тажрыйба алышатКР ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун жетекчилиги алдында ИИМдин жумушчу тобу Бельгиянын Брюссель шаарына барышты.

Жолугушууну Бельгиянын федералдык полициясы “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду жана Сейфероулд (Saferworld) менен биргеликте уюштурушкан.

Жумушчу топтун курамына министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун өкүлдөрү кирди.

2014-2017-жылдарда аталган  программанын алкагында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында кылмыштуулукту алдын- алуунун коомдук борборунун 6 мекемеси ишке берилген,  12 мекеме ремонттон  өткөрүлүп, ага  8 500 000 сом коротулган. 16 коомдук алдын алуу борборуна керектүү эмерек (жалпы суммасы 4 700 000 сом) сатылып алынган. Кылмыштуулукту алдын -алуу максатында 18 борбор жана 3 топ тарабынан уюштурулган иш-чаралар колдоого алынып, ал долбоорго 17 700 000 сом чыгымдалган.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты