Кыргызстанга Өзбек делегациясы келди 

Кыргызстанга Өзбек делегациясы келди 

Мурда кабарлангандай, бүгүн, 8-февралда, Кыргызстанга Өзбекстандын Тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жана өзбек ишкерлери келишти.

Бүгүн, 8-февралда   КР экономика министри Артем Новиков менен  Өзбекстан Тышкы соода министри Жамшид Ходжаев  жана эки өлкөнүн ишкерлери  экономика министрлигинин чоң залында  жолугушту.

Анда Кыргызстан Өзбекстанга экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын импорттоону көздөп жатса, Өзбекстандан минералдык жер семирткич алуу муктаждыгы тууралуу сөз болду.

Кыргызстандык ишкерлер Өзбекстанга эт, сүт жана сүт азыктарын, жер-жемиш, мөмө-жемиш, кургатылган жемиш, буурчак, көмүр, кварц куму жана айыл чарба техникасын ж.б.   сатууга кызыкдар.

Жолугушууда эки өлкөнун ортосунда автомобиль менен жүк ташуу боюнча макулдашылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда өз ара кызматташуу боюнча меморандум кабыл алуу зарылдыгы тууралуу айтылды.

Иш-чаранын катышуучулары Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата райондорунун бир катар ишканаларын кыдырмакчы.

Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты