Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга катуу күрөш жарыялады

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга катуу күрөш жарыялады“Ала-Арча” резиденциясында бүгүн, 8-февралда өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык милдетти аткарды. Коопсуздук кеңеши  “Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупция менен күрөшүүнүн актуалдуу чаралары” аттуу маселени кароодо.

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын укугун коргоодо өзүнүн президенттик полномочиесин кеңири пайдалана турганын айтты.

“Мени эл шайлаган, ошондуктан жарандардын укугу бузулган жерде, мен ал иштерге киришем” деп белгиледи.

Коррупция, тилекке каршы сот, прокуратура, финансылык полиция, Улуттук коопсуздук кызматы жана Ички иштер кызматына терең кирип кеткенин жана коррупция менен күрөшүүдө ар бир жетекчи өз уюмунан баштоосун талап кылды.

“Биз силерге коррупция менен эң ириде өз уюмуңардын ичинде жана өзүңөрдөн  күрөшүүнү баштоого дагы бир мүмкүнчүлүк беребиз” деди мамлекет башчы.

Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө тургандар коррупцияга  өздөрү малынып жатканын белгилеп, мамлекет башчы катары  коррупция менен күрөшүүгө саясий эрки жетээрин айтты.

“Коррупция менен күрөшүүгө саясий эрким жетет” деди мамлекет башчы.

Козголгон кылмыш иштеринин көпчүлүгү сотко жетпей жаткан фактылары бүгүнкү күндө арбып баратат. Ички иштер органдары тарабынан өткөн эки жылы 65 миң кылмыш иш козголсо, анын 30 пайызы гана сотко өткөнүн, сотко өткөнүнүн 44пайызы боюнча айыпталуучулар кылмыш жообунан бошотулганын айтты.

Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтей турган финансы полициясы 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш иш козгогонун, бирок алардын 23 гана пайызы  сотко өткөнүн билдирди.

Президент уюшкан кылмыштуулуктун тамыры кыркылбай жатканын кескин сынга алды.

“Уюшкан кылмыштуу чөйрөдө чоң акча агымы тартип коргоо жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо мүмкүн эмес” деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле прокуратура тармагынын жеткиликтүү иш жүргүзө албай келе жатканына карата сын айтылды.

«Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок ал милдетин натыйжалуу аткара албай жатат» деди.

Улуттук коопсуздук кызматы да сынга алынды.Соңку эки жылда 2 миң кылмыш иши козголсо, анын 29 пайызы гана сотко жеткенин,  кылмыш иштеринин дээрлик жарымын Мамлекеттик коопсуздук кызматы актап жибергенин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты