Аида Салянованын депутаттык мандаты алынабы?

Аида Салянованын депутаттык мандаты алынабы?

Бишкек шаардык соту 8-февралда Ленин райондук сотунун Аида Салянованы үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүнө калтыргандыгына байланыштуу, Салянованы Жогорку Кенештин депутаты мандатынан ажыратуу мүмкүндүгү тууралуу сөз жүрүүдө.

Өкүм Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөндөн кийин 30 күндүн ичинде анын депутаттык мандатын алуу тууралуу маселе каралышы мүмкүн экендиги тууралуу “Акипресс” агенттигине Абдыжапар Бегматов айтып берди.

Ал эми шаардык соттогу процесс аяктагандан кийин, Аида Салянова соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча процесс башталаарын билдирди.

“Мандат мага өзүнчө бир абал, өзүнчө статус эмес, элдин көйгөйүн жеткирип турган трибуна. Эгер мени депутаттык мандатыман ажыратса деле  ошол эле иштеримди аткара бермекчимин ” деди А. Салянова.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты