Салянованын соту:  Өкүм күчүндө калды 

Салянованын соту:  Өкүм күчүндө калды Бүгүн, 7-февралда болуп өткөн Бишкек шаардык сотунда ЖК депутаты Аида Салянованын иши боюнча райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылды. 

2017-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Аида Салянова юстиция министри болуп турган убакта кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен  Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Анын 2 жашар кызы болгондуктан, өкүмдү аткаруу жазасы 12 жыл кийинкиге жылдырылган эле. Аида Салянова күнөөсүз экенин журналисттер алдында айтып берди жана бул саясий куугунтук деп баалады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты