Кыргыз спортчулары Олимпиадага аттанышты

Кыргыз спортчулары Олимпиадага аттанышты

9-25-февралда  өтүүчү кышкы Олимпиадага катышуу үчүн Түштүк Кореяга аттанышкан  кыргыз спортчуларын, машыктыруучуларды жана өкүлдөрдү  Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин кызматкерлери жана  элчи Кылычбек Султанов тосуп алды. 

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-февралдан 25-февралга чейин өтө турган Кышкы олимпиадага Кыргызстандан эки спортчу—Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев катышмакчы.  Евгений Тимофеев “слалом” жана “гиганттык слалом”, Тариэл Жаркымбаев лыжа тебүү боюнча ат салышат.   Евгений Тимофеев кышкы олимпиадага экинчи жолу катышып жатса, Тариэл Жаркымбаев биринчи жолу катышмакчы.

Айта кетсек, Кыргызстан Кышкы олимпиадага 1994-жылдан бери катышып келет.   Пхенчхандагы Олимпиадага Түркмөнстан, Тажикстандан өкүлдөр катышпайт, Кыргызстандан эки, Өзбекстандан эки, ал эми Казакстандан баарынан көп—46 спортчу катышат. Казакстандан муздагы көркөм  гимнастика боюнча ат салыша турган Элизабет Турсынбаева кыргыздын жээни болорун эскерте кетели.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты