Жол коопсуздугун сактоо  кызматкерлерин иш убагында сүрөткө, видеого тартууга болот

Жол коопсуздугун сактоо  кызматкерлерин иш убагында сүрөткө, видеого тартууга болотИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыйманалы Саркулов Жол коопсуздугу кызматкерлерин сүрөткө, видеосүрөткө тартуу мыйзамга жатпайт деп айткандарына карата КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы тактоо киргизди.

“Кызмат адамдарынын антип айткандары туура эмес. Мыйзам тарабынан Жол коопсуздугу кызматынын башкармалыгынын кызматкерлерин жумуш убагында сүрөткө, видео сүрөткө тартууга тыюу салынган эмес” деп айтылат анда.

Ошону менен бирге Башкы прокуратура айдоочуларды да, жөө жүргөндөрдү да, жана жол коопсуздугу кызматкерлерин да жол эрежелерин сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле жасоого чакырат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты