Эртең Өзбекстандын тышкы-соода делегациясы келет
- 7 лет мурун
- Маек
8-9-февралда Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Холжаев баш болгон делегация Кыргызстанга келет.
Эртең, 8-февралда, КР Экономика министри Артем Новиков Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев менен жолугушат. Андан кийин эки мамлекеттин бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өтөт.
Иш-чаранын катышуучулары Сокулук, Ысык-Ата райондорунун бир катар ишканаларын кыдырышы күтүлүүдө.
Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!