Шаардык сотто Салянованын иши боюнча бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн

Шаардык сотто Салянованын иши боюнча бүгүн өкүм чыгышы мүмкүнБишкек шаардык соту бүгүн депутат Аида Саляновага өкүм угузушу мүмкүн. Актоочулары судья Ирина Воронцова мыйзам бузуу менен ишти алып барып жатканын кабарлашууда. Алардын айтымында, кечээ адвокат Рабига Садыкова жарыш сөзүн аяктабай калгандыктан бүгүн сөзүн улантышы керек болчу. Бирок судья Ирина Воронцова сөздү ага эмес, Саляновага берди.

Салянова адвокатка жарыш сөзүн жыйынтыктоого уруксат берүүнү суранды. Бул үчүн судья депутат сотко баш ийбей койгонун айтып залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Салянова чыкпай турганын билдирди.

Соттолуучу тарап алар өкүм чыгарууга камданып жатат деген пикирде.

Эске салсак, оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Аида Салянованы юстиция министри болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп соттоп жатышат. Салянова муну саясий куугунтук деп атоодо.

Адегенде бул ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты