Сыйкырлуу 9 нота

Сыйкырлуу 9 нота

Пекин шаарында Кызматташуунун Шанхай уюмунда (ШКУ)  2-февралда өткөн “Сыйкырлуу 9 нота” аттуу концертке Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.

Анда камералык оркестр кыргыз жана батыш композиторлорунун чыгармаларын ойноп, кыргыздын белгилүү пианисти Айтурган Турапова, дирижер Нур Өмүрбаев жана скрипкачы Анна Альябева Кытай Борбордук консерваториясынын музыкалык колледжинин ассистенттиги алдында өнөрүн тартуулашты.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Үсөнов ШКУнун алдында “Сыйкырлуу 9 нота” кечеси салтка айланып калгандыгын белгиледи.

ШКУнун баш катчысы Рашид Алимов ШКУга мүчө мамлекеттердин катышуучуларынын музыкалык кечесине кызыгуу күчөгөндүгүн айтты.

Концертке бир катар өлкөлөрдүн, Казакстан, Пакистан, Россия, Түркия, Непал, Азербайжан, Кытай ж.б. өлкөлөрдүн элчилери катышты.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги музыкалык кече менен бирге кыргыздын маданий мурасын чагылдырган, Токтогул Сатылганов, Абдылас Малдыбаев, Атай Огомбаев, Чыңгыз Айтматов ж.б. чыгармалары, өмүр жолу тууралуу баяндаган сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты