Сак болгула, мергенчилер!

Сак болгула, мергенчилер!Ош облусунун Алай районундагы Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январында саат эртең менеки 8дер чамасында Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң уулоого кетип, дайынсыз жоголгон.

28-январдан бери мергенчи изделип жаткан. 5-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмүнүн №68 өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 70 адам, ички иштер кызматынан 22 кызматкер,  министрликтин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө байланыш пункту менен ыкчам тобу тартылган. Натыйжада 6-февралда 15:16 да “Ат” жайлоосунда маркумдун сөөгү табылган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыя кылды.

Мергенчилер сак болбосо, бул өлкөдөгү биринчи окуя эмес. Ушул жылдын 21-январында Жети-Өгүз  районунда Көк-Жайык жайлоосунун Телти аттуу жеринде да мергенчилик кылган үч кишинин бирин, Р. Ашымбаев аттуу жаранды кар көчкү басып калып, аны 100дөй адам, анын ичинде куткаруучулар издеп, үч күндөн кийин араң табышканы белгилүү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты