Аида Салянованын соту уланууда

Аида Салянованын соту уланууда

Бүгүн, 6-январда,  Бишкек шаардык сотунда “Ата Мекен” партиясынан  Жогорку Кеңеш депутаты  Аида Салянованын соту уланууда.

Мамлекеттик айып Аида Саляновага үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жыл жаза берүүнү сураган. Салянованын өзү да, анын кызыкчылыгын жактаган юрист Рабига Сыдыкова да, бул иште кылмыш белгилери жок экени, юстиция министри кезинде Аида Салянова кесиптик милдетин гана аткарганын,  соттук процесс негизинен саясий өңүт алганын айтышууда.

Рабига Сыдыкованын пикиринде юстиция министри кезинде Салянова Алексей Елисеевдин лицензиясын узартып, мыйзам бузбаганын, ал лицензияны узартуудан эч кандай жеке пайда көрбөгөнүн, Елисеевди тааныбаганын айтат. Елисеевдин өзү да алардын тааныш болбогонун тастыктайт.

Ленин райондук соту кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфскациялоо менен  Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Анын 2 жашар кызы болгондуктан, өкүмдү аткаруу жазасы 12 жыл кийинкиге жылдырылган эле.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты