ЖЭБдеги аварияны иликтөөчү комиссиянын курамы белгилүү болду
- 7 лет мурун
- Маек
Бишкек жылуулук борборундагы (ТЭЦ) аварияны иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн массалык маалымат каражаттар жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Аталган комиссияны биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектемекчи. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду.
Ведомстволор аралык комиссия анализдин негиинде биринчи кезекте жасала турган иштердин тизмесин түзөт:
— 2017-2018 жылуулук сезонун ийгиликтүү аяктоо;
— Мындан ары кыйын кырдаал түзүлбөшү үчүн алдын ала турган иш-чаралардын тизмеси;
— ЖЭБде түзүлгөн кырдаал боюнча күнөөлүү адамдарды аныктоо;
— 2018-жылдын 31-январында Жогорку Кеңештин трибунасынан айтылган депутаттардын сунушун анализдөө.
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы:
· Аскарбек Шадиев – биринчи вице-премьер-министр, комиссиянын төрагасы;
· Канатбек Муратбеков – Өкмөт алдындагы Экология жана техникалык коомсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси, комиссиянын орун басары;
· Азамат Арапбаев – ЖК депутаты, КСДП;
· Экмат Байбакпаев – ЖК депутаты, “Республика-Ата-Журт”;
· Асылбек уулу Дамирбек – ЖК депутаты, «Кыргызстан»;
· Зиядин Жамалдинов – ЖК депутаты «Өнүгүү-Прогресс»;
· Бакирдин Субанбеков – ЖК депутаты, «Бир Бол»;
· Эмил Токтошев – ЖК депутаты, «Ата Мекен»;
· Албек Ибраимов – Бишкек шаарынын мэри;
· Кубатбек Боронов – Өзгөчө кырдаалдар министри;
· Талантбек Батыралиев – Саламаттыкты сактоо министри;
· Уланбек Рыскулов – Өнөр жай, энергетика жана кендерди иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси;
· Дүйшөнбек Чоткараев – Мамлекеттик коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы кызматынын биринчи орун басары;
· Бахтияр Салиев – Өкмөт алдындагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси;
· Таалайбек Нурбашев – Өкмөт алдындагы отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси;
· Ренат Тулебердиев – Өкмөт алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси;
· Адилет Акматалиев – Өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комлекс жана кендерди иштетүү бөлүмүнүн жетекчиси;
· Баатыр Талканбаев – Өкмөт алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси;
· Алайбек Обозов – Өнөр жай, энергетика жана кендерди иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун жетекчиси;
· Шавкат Мавлянбеков — Өнөр жай, энергетика жана кендерди иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун бөлүм башчысы;
· Михаил Курганов – “Бишкек жылуулук борбор”ачык акционердик коомунун генералдык директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары;
· Юлдуз Залялов – көз карандысыз эксперт;
· Алимбек Абдылдаев — көз карандысыз эксперт;
· Николай Кравцов — көз карандысыз эксперт;
· Сергей Бочко — көз карандысыз эксперт;
· Автандил Калмамбетов — көз карандысыз эксперт;
· Лев Васильев — көз карандысыз эксперт;
· Мирбек Батаканов — көз карандысыз эксперт.