Сүйүнчү пул ишке киришти

Сүйүнчү пул ишке кириштиБала төрөлгөндө бир жолку сүйүнчү төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Аны менен катар 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө пилоттук долбоор оң жыйынтык берсе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бала төрөлгөндө туруктуу түрдө сүйүнчү бериле баштайт. Бир жолку жөлөкпулду чектөөгө арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашат, жөлөкпулду Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандарга гана чектелет. Белгилей кетсек, пилоттук долбоордун алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда электрондук форматта маалымат алмашуу акысыз негизде жүргүзүлөт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты