Жылуулук борборун Андрей Воропаев жетектеди

Жылуулук борборун Андрей Воропаев жетектеди“Электр станциялары” Ачык акционерлер коомунун башкы директорлугу “Электр станциялар” ААКтын филиалы болгон—Бишкек Жылуулук электр борборуна Андрей Вячеславович Воропаевди дайындады.

Андрей Воропаев мурда да 2013-жылдын апрель айынан 2017-жылдын январь айына чейин ЖЭБде директор болуп иштеген. Ага чейин ЖЭБдин электр жабдуулары боюнча инженеринин орун басары эле. Энергосистемада жалпысынан 26 жылдык тажрыйбасы бар.

ЖЭБдин мурунку директору Өмүркул уулу Нурлан андагы авариядан кийин кызматынан алынгандыгы маалым.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты