Жыргалбек ТУРУСКУЛОВ, ЖК депутаты: “Менин кытыгым жок”
- 7 лет мурун
- Маек
ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов бала чагы, алгачкы сезими, саясатка келгенге чейинки жана кийинки жашоосу тууралуу суроолорго жооп берди.
—Жыргалбек мырза, депутаттын кандай үй-бүлөдө туулуп-өскөнү баарыбызды кызыктырат эмеспи, сөздү ушул нукта баштасак…
—Балалыгым Жумгал районунун Чаек айылында өттү. Жумгалдын Кара-Кечесинде чоң ата, чоң энелерим чабандардын дүкөнчүсү болчу. Мен ошол кишилердин колунда чоңойдум. Орто мектепти айылдан аяктадым. Мектепте жакшы окуган балдардын катарын толуктап, кандай сынактар болбосун, баарына автивдүү катышып, алдыңкы орундарды алып келчүбүз. Бизди 2-класстан 9-класска чейин окуткан Сатина Жээналиевна деген мугалимибиз бар эле. Ал киши бизге көп нерсени үйрөттү. Кийин ошол эжейимдин кабинетин толугу менен ремонттоп, керектүү эмеректер менен камсыз кылып бердим. Эң кызыгы, ошол кабинетти мектептин директору “Мен кабинет кылып алайын” деп талашкан экен (күлүп).
— Алгачкы сезимдериңиз тууралуу айтып кетпейсизби?
— Мектеп курагында бардыгында алгачкы жакшы көрүү сезимдери болот эмеспи. Биз да андай сезимдерге кабылганбыз. Өзүбүз теңдүү кыздарды киного алып барып, үйүнө жеткирип баратып иттерге таланган учурларыбыз болгон. Мен 9-класста бир кыз менен достошуп, мектепти аяктагыча чогуу жүрүп, экөөбүздүн ортобузда бири-бирибизге болгон жактыруу сезимдери болгон. Бирок шаарга келгенде ал сезимдер уланган жок.
— Жубайыңыз менен кандай кырдаалда таанышып калдыңыз?
—Шаарга келгенде атамдын Эркине аттуу карындашынын колунда туруп калдым. Эжемдердин балдары, жээндерим менен ага-инидей болуп калдык. Кээде жээниме тамашалап “Сен студентсиң, жакшы кыздар менен тааныштырчы” деп тамашалап күлүп калчумун. Бир күнү ошол жээним “Жыргал байке, сизге бир кыздын телефон номерин берем, таанышыңыз. Мен ал кызга айтып койдум” деп калды. Мен “Макул” деп айткан кызынын телефон номерин алып, таанышып, алгач телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Кийин Белинский көчөсүндө жайгашкан университеттен жолугуп, жакындан тааныштык. Чындыгында мен анда турмуштун аркы-беркисин көрүп калган 28 жаштагы жигит болчумун. Ал 19 жаштагы секелек кыз эле. Экөөбүз алты-жети ай кыз-жигит болуп жүрдүк. Акыры баш кошуу туурасында киргизген сунушум ага күтүүсүз болду, ойлонуп көрөйүн деп тим болгон. Бара-бара жакындары, тууган-туушкандары менен кеңешип, макулдугун берген. Келинчегим мени өзүнүн жөнөкөй, адамгерчилик сапаты менен өзүнө имерип алды. Кудайга шүгүр, үч балабыз бар. Кичүү уулум Байсал мага аябай окшош.
— Үй-бүлөдө кимиңер сабырдуусуңар? Казан-аяк кагышканда кимиңер биринчи кадам таштайсыңар?
— Турмушта өйдө-ылдый кырдаалдар көп болот эмеспи. Биз таарынышып кеткенде кээде келинчегим биринчи сүйлөй баштаса, айрым учурда мен баштап калам. Экөөбүз тең ак көңүлбүз. Үй-бүлөбүздө катуу жаңжал чыккан эмес. Себеби, көп учурда бирибиздин жинибиз келип атканда экинчибиз унчукпай калабыз. Кээде мен катуу айтып алам, кээде карманып калам.
— Кимиңер кызганчааксыңар?
— “Канчалык кытыгың болсо, ошончолук кызганчааксың” деп айтып коюшат го. Менин такыр кытыгым жок. Негизи эле дээримде кызгануу сезими жок. А келинчегим аябай кызганчаак. Бирок кызганычты ортодогу бири-бириңе болгон ишеним менен четтетип койсо болот.
—Ала жипти аттагансызбы?
— Жок. Үй-бүлөнү сыйлаш керек.
— Москва деле бир күндө курулбагандай эле, сиз да оңой жол менен бутуңузга туруп калбасаңыз керек. Кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрдүңүз?
— Башымдан көп эле кыйын күндөр өттү. Студент кезимде, 1995-жылдан тарта бизнеске аралашып, курулуш материалдары менен иштей баштагам. Ташкент, Алма-Атада эки жылдай иштеп, тажрыйба алдым. Үйдүн улуусу болгондуктан кийинки бир туугандарыма багыт берип, окутуп, аларга баш-көз болушум керек эле. Ошондон улам мекенибизге келип, алгач курулуш материалдарын сатып, дүкөнчүлүк менен алектене баштадым. Бара-бара дүкөндөрдү чоңойтуп, ийгиликтүү иштей баштадым.
— Саясатка аралашканыңызга өкүнбөйсүзбү?
— Саясатчы болуу өтө чоң жоопкерчилик. Анткени эртең элдин талабын, мүдөөсүн аткарып, керектүү мыйзамдарды чыгарышыбыз керек. Негизинен мамлекеттик деңгээлде көп маселени чечсе болот экен. Мисалы, мен жаңы депутат болуп келгенде Жумгал жергесинен “Баламдын өлүмүнөн улам мамлекеттен компенсация бөлүнгөн, бирок төлөнбөй атат” деп бир жараныбыз кайрылган. Ал маселе бир жарым жылдан бери чечилбей келе жатыптыр. Ошол маселени мен бир айдын ичинде чечилишине жардам бердим. Менин саясаттагы эң алгачкы ишим ушул болгон. Терс жактары, туура иштеп, туура жүрсөң деле саясаттын арты менен көп душман күтөт экенсиң.
— Сизге “Байлык менен бийликтин бирөөнү танда” деген шарт коюлса, кайсынысын тандайт элеңиз?
— Биз бул жашоого жылаңач келип, жылаңач кетебиз. Чогулткан байлыгыңды өзүң менен кошо ала кете албайсың. Өзүм байлыкка кызыкпайм. Кудайга шүгүр, болгонун башкалар менен бөлүшкөнгө аракет кылам. Бийликке да кызыкпайм. Бийликтин жакшы жагы элдин мүдөөсүн мамлекеттик деңгээлде аткарганга шарт түзүлөт экен.
— Кимдир-бирөөгө алданып калгансызбы? Өзүңүз алдаган учурларыңыз деле болбой койбосо керек?
— Мен адамдарга көп жолу алдангам. Ташкенттен мени менен өнөктөш болуп, үй-бүлөсү менен тааныштырып, үйүнө алып барып коноктоп жүргөн киши мени алдап кеткен. Ортодо чоң суммадагы акча бар болчу. Бирок андан кийин деле ишим жакшы болуп кетти. Алдап, калп айткан кишилерди жаман көрөм. Өзүм да бирөөлөрдү алдабаганга аракет кылам.
— Кандай эс алууну жактырасыз?
— Тоого чыгып, боз үйдө, чатырда эс алып жатканды жактырам. Кышкысын тоого таза абага чыгып, үй-бүлөбүз менен лыжа тепкенди жактырабыз. Эки жаштагы балдарымды деле лыжага отургузуп коем.
— Спорт менен машыгасызбы? Кайсы түрү менен…
— Мен он жети жылдан бери спорт менен алектенем. Мектеп курагында бокс, каратэ менен машыкчумун. Азыр да өзүмдүн дене-мүчөмдү бир формада кармаш үчүн спорт менен машыгып турам. Тамеки чекпейм. Спирт ичимдигин кээде ууртап-татып коем.
Кымбат ТУРДУБЕКОВА