“Саясий туткундагылар бошотулсун!” дешет митингге чыккандар

“Саясий туткундагылар бошотулсун!” дешет митингге чыккандарБүгүн, 5-февралда, камактагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбековдун жактоочулары №47 колониянын тегерегине митингге чыгышты. Укук коргоочу Зульфия Мараттын айтымында, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыровдор ачкачылык кармап жатышат. «Карандай ачкачылык кармоо ден-соолукка абдан залакасын тийгизет. Бирок учурда алардын каршылык көрсөтүүсүнүн жападан-жалгыз жолу—ачкачылык кармоо болуп жатат. Бектур Асановдун саламаттыгы начар болуп турса да, сотко алып барышты. Б. Асанов, Э. Карыбеков, К. Кадыровдун соттук иштери эки жылдан бери жүрүүдө. Кылмыш иштеринин такыр далили жок. Сот аларды жакындары менен көрүштүрбөй жатат” деди укук коргоочу.

Ал эми “Ата мекенчи” Асия Сасыкбаева партиянын лидери камактагы Өмүрбек Текебаевдин коопсуздугу сакталбай, камерасына видео көзөмол орнотуп, анын ар кыймылын көзөмөлгө алып жатышканына нааразылыгын айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты