Токмокто жасалма акча менен кармалышты

Токмокто жасалма акча менен кармалыштыИчки иштер министрлигинин басма сз кызматы маалымдагандай, Чүй облустук жана Токмок шаардык милициясы жасалма акча жасап, аны сатып жүргөндөрдү кармады.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шек туудурган жарандардын жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын натыйжасында накталыгы күмөн жараткан 143 даана 500 сомдук акча, 200 сомдук 1 даана акча, 100 АКШ доллары турган 1 даана акча каражаттары табылды.

Бул кылмышка шектүү катары окуу жайдын биринин кызматкери, 1996-жылы туулган Н. Б. аттуу жаран кармалды. Андан табылган акчага соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлөт. Алдын-ала текшерүүлөргө караганда бул акча каражаттары түстүү принтерден чыгарылганы байкалды.

Андан тышкары 1992-жылы туулган А. уулу аттуу ал жерде жашаган жарандын чөнтөгүнөн да күмөн туудурган 3 даана 500 сомдук табылды.

Алынган ыкчам маалыматтарга караганда, Токмок шаарынын дагы бир дарегинде күмөн туудурган 158 даана 1000 сомдук, 20 даана 200 сомдук, 500 евро жана 100 АКШ доллары табылган.

Бул фактылар боюнча текшерүү—иликтөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты