Чыңгыз Айтматов дүйнөсү—Анкарада

Чыңгыз Айтматов дүйнөсү—АнкарадаТүркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын 90 жылдыгына карата кыргыздын айтылуу сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмө 9-февралга чейин созулат.

“Чыңгыз Айтматов дүйнөсү—Анкарада” аттуу сүрөт көргөзмөсүнө кыргыздын 20 дан ашуун айтылуу сүрөтчүлөрүнүн 50 дөй эмгеги коюлган. Көргөзмө 9-февралга чейин созулат.

Көргөзмөнүн ачылышына Түркия президентинин кеңешчиси Я. Топчу, Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов жана башка расмий адамдар, илим жана маданият ишмерлери, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын аздегендер катышты. Анын ачылышында “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү” жана Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” фильмдери көрсөтүлдү. Бул иш-чара Кыргызстандын түрк элчилиги жана Түркиянын маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган.

Көргөзмөгө кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрү С. Төрөбеков, А. Алакунов, К. Жавлетов, О. Идирисов, Ж. Матаев, Д.Нургазиев, С.Осмоналиев, Ч.Ормонбеков, А.Апиев, Ж. Алышбаев жана башкалардын эмгектери коюлду.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адабий мурас болуп, дүйнөгө таанытканын баса белгиледи.

Көргөзмө 9-февралга чейин созулат.

Бул маалыматты КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты