ИИМдеги дайындоолор: Нурбек Абдиев—криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп дайындалды

ИИМдеги дайындоолор: Нурбек Абдиев—криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп дайындалдыКР ИИМинин Криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп милициянын полковниги Нурбек Абдиев дайындалды.

Абдиев Нурбек Такабаевич-милициянын полковниги. 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз Улуттук Университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери иштейт. Ички иштер органдарында өз кызматын Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө ыйгарымдуу өкүлү катары баштаган. Жогорку кызматтарда: Аламүдүн райондук Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, Чүй облустук жана Бишкек шаардлык ИИБ кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы, ал эми, 2017-жылдын август айынан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Башка дайындоолор

Чүй облусунун Панфилов райондук ИИБ башчысы болуп, Өмүралиев Тилек Кылычбекович дайындалды; Чүй облусунун Токмок шаарлык ИИБ башчылыгына мурда Талас ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп иштеген, милициянын подполковниги Садыков Жалил Эмилович дайындалды.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Н. Болпонов, Чүй облусунун Токмок шаарлык ИИБ башчысы М.Чойбеков, Чүй облусунун Панфилов райондук ИИБдин башчысы Т.Нусупов кызматынан бошотулушту.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты