Түрмөдө жаткан Текебаевдин тамашасы

Түрмөдө жаткан Текебаевдин тамашасы

Түрмөдө жаткан оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек Текебаева “Фейсбук” социалдык тармагына атасы кандай тамаша айтып бергени тууралуу жазды. 

«Апам, иним жана сиңдим болуп атам менен жолугуп келдик. Ал жаткан камерада видеокамера илинип турат. “Биз чыгып кеткиче аны жаап турса болобу?” деп сурасам, “жаппа» деп  эскертишкенин айтты. Ушундай учурда да атам тамашакөйлүгүн таштабаптыр. Камераны көрсөтүп, “бизде “Дом 2” шоусуна окшош: тамактанып  жатканыбызды, уктап жатканыбызды, кыскасы, кыбыр эткен жашообузду байкоочулар көрүп турушат” деп азилдешти» деди саясатчынын кызы.

Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов “Мегаком” компаниясынын башкаруусуна орусиялык Леонид Маевскийди киргизүү  үчүн бир миллион доллар пара алган деп айыпталган. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун соту тарабынан алар үй, мүлкүн конфискациялоо жолу менен 8 жылга эркинен ажыратылып, абакта жазасын өтөп жатышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты