“Түн — бакырдыкы” десек,  судья Воронцованыкы тура…

“Түн - бакырдыкы” десек,  судья Воронцованыкы тура...Кечээ, 2-февралда, Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын сотун кеч болуп калганына карабастан, токтотпой алып барды.

“Ата Мекен” партиясынын  күйөрмандарынын бири, журналист Жакшылык Бердибек уулу Бишкек шаарынын судьясы Ирина Воронцова сот процессин кеч (18.30)  болуп калганына карабастан токтотпогонун, саат 20. 00дө аяктаганын билдирди:

“Бүгүн эртең менентен баштап,  Бишкек шаардык сотунун процесси судья тарабынан басым, талаш-тартыш менен өтүп жатат. Жумуш убактысы бүткөнүнө карабай (18. 30),   судья Ирина Воронцова сот иши токтобой турганын билдирди. Аида Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекованын эмчектеги баласы болгондуктан, бала эмизип келүүгө уруксат сураганда ага 40 мүнөт убакыт берилген. Андан кийин сот иши кайрадан башталды. Судья Воронцова атайылап кыйноого өтүп алган сыяктуу” деди.

Ал эми 29-январда  башка процесстер залдагы сууктан улам каралбай, соттор үйлөрүнө тарап кетсе да, жалгыз судья Ирина Воронцова Аида Салянованын соттук ишин алып баргандыгын окурмандарыбызга маалымдаганбыз.

2016-жылдын  26-декабрында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Салянова юстиция министри болуп турган учурда, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узартып, кызмат абалынан кыянат пайдаланган  деген айып тагылган.

Ленин райондук соту Аида Салянованын үй мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок 2 жашар баласы 14 жашка чыкканга чейин жаза аткаруу мөөнөтү узартылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты