Жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу кызматтан алуу

Жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу кызматтан алууЖылуулук борборундагы аварияга байланыштуу кызматтан алуу

Борбор шаардын Жылуулук-электр борборундагы аварияга байланыштуу ЖЭБ директору  Нурлан Өмүркул уулу, “Электр станцияларынын” башкы директор орун басары Бердибек Боркоев кызматынан алынды.

Жылуулук электр борборунда тергөөгө байланыштуу ЖЭБ директору  кызматынан убактылуу четтетилгени маалым болгон.  Эми ал кызматынан биротоло бошотулду.

Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБ директорлугуна 2017-жылдын январь айында дайындалган. Бердибек Боркоев 2014-жылдын декабрь айында дайындалган.

Премьер=министр Сапар Исаков “Бишкек ЖЭБинин директору Нурлан Өмүркул уулун,  “Электр станциялар” ААКынын баш директорунун орун басары Бердибек Боркоевди кызматтан алуу маселесин кароону “Улуттук энергохолдинг” компаниясына тапшырган».

Борбор шаардагы Жылуулук борборундагы 26-январдагы аварияга байланыштуу Кылмыш кодексинин 316-беренеси,  «шалаакылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты