ТЭЦ жетекчисинин туугандары кол чогултууну улантууда

ТЭЦ жетекчисинин туугандары кол чогултууну улантууда«ТЭЦтин гендиректору Өмүркул уулу Нурлан цех жетекчилерин жана кол алдында иштеген жумушчуларын “мени колдоп митингге чыккыла” деп мажбурлоодо» дейт ал жакта иштеген жөнөкөй жумушчулар.

Алардын айтымында, бүгүн эртең менен, 2-февралда, жетекчи кол алдында иштегендерди чогултуп, бул кызматтан кетпей турганын, бул суроо боюнча акырына чейин барарын, эгер  кимдир бирөөлөр аны колдобосо жумуштан алынаарын баса белгилеген.

“Азыр станциянын дежур инженери Калыс Жамангулов жумушчулардан кол топтоп жүрөт. Макул болбогондорго басмырлоо болуп атат. Ал инженер — жетекчибиздин бир тууган агасы”, — деп билдирди маектешибиз.

Ал азыр бир автобустай директордун тарапташтары чогулуп жатканын,  “Электр станциясы” ОАО көздөй барышарын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты