Сүйүнчү! Кыргызстан британиялык Wanderlust Travel Magazine журналынын жогорку сыйлыгына татыктуу болду

Сүйүнчү! Кыргызстан британиялык Wanderlust Travel Magazine журналынын жогорку сыйлыгына татыктуу болдуКыргызстан   «Wanderlust Travel Magazine» журналынын 2018-жылдагы “Өнүккөн мыкты дестинация (аймак)” («Top Emerging Destinations») Wanderlust Travel Magazine сыйлыгын жеңип алды. Бул окурмандар арасындагы пикир жана добуш берүү менен ишке ашырылды.

Конкурстун номинациясына Кыргызстандан башка Грузия, Иран, Черногория и Гренландия (Дания) мамлекеттери кирген. Кыргызстан 97.33% добуш алды. Номинацияда “Мыкты өлкө”, “Мыкты шаар”, “Мыкты аропорт” ж.б. көрсөткүчтөрү бар.

Британциялык  «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сыйлык ыйгаруу аземине Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Г. Искакова катышты. Элчи Кыргызстанга Wanderlust Travel Magazine» журналынын окурмандарынын жогорку сыйлыкты ыйгарышына ыраазылык билдирип, ушул жылдын сентябрь айында өтүүчү 3-Көчмөндөр оюну тууралуу айтты жана ага меймандарды чакырды.

Айта кетсек, «Wanderlust Travel Magazine» саякат тууралуу жазган журнал. Ал жылына 10 жолу чыгып, 40-80 миң нускага жетет. 1993-жылы негизделген. Аны чыгарган, директору жана башкы редактору Лин Хьюз (Lyn Hughes).

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты