Казакстан: Сакалга айып салынмакчы

Казакстан: Сакалга айып салынмакчы

Казакстанда апсайтып сакал койгондорго айып салмай болуп жатышат.

Казакстанда диний ишмерлик тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Дин иштери жана жарандык коом боюнча министр Нурлан Ермекбаевдин айтуусу боюнча, мыйзам долбооруна ылайык, апсайган сакал койгондорго жана чолок шым кийгендерге, оозу-мурдун жаап алгандарга, паранжа кийгендерге административдик чара көрүлмөкчү.

Сакал койгондордун баарына эле тыюу салына бербейт, анын уруксат берилген үлгүлөрү болот. Дин ишмерлерине сакал коюуга уруксат берилет, бирок кооптуу диний топтун мүчөлөрү деп эсептелгендерге сакал коюуга уруксат берилбейт.

Ошондой эле 16 жашка чейинки балдардын ата-энесинин бири макул болбосо, диний шаан-шөкөттөргө катышууга болбойт.

Апсайган сакал коюуга тыюу салуу тууралуу демилге Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге таандык экени айтылууда. Президент өлкөнүн Диний иштер башкармалыгынын башчысы менен жолукканда казактардын апсайтып сакал коюп, дамбал кийип жүргөндөрү ата-бабалардын салтына туура келбей тургандыгы тууралуу айткан.

Ал эми Казакстан мусулиандар бирлиги илгери Англия, Франция, Россияда сакалга салык салганын эстешип, сакалчандарга салык салуу жагын иштеп чыгышкан.

Апсайган сакалга тыюу салуунун маңызы кооптуу диний агымдарга азгырылбоонун амалы, кыргыз-казак тутунган исламдын ханафит агымынан алыс кетпөө аракети. Кантсе да диний ишенимдеги адамдардын да укугу бузулбасын. Бул тууралуу Росбалт агенттиги жазып чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты