Айтматовдун чыгармалары боюнча балдардын эл аралык сүрөт конкурсу 

Айтматовдун чыгармалары боюнча балдардын эл аралык сүрөт конкурсу 

Билим берүү жана илим министрлиги “Балажан” окуу-методикалык борбору менен бирдикте 8-17 жаштагы балдар үчүн, анын ичинде алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө жашагандар үчүн да, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун чыгармалары боюнча эл аралык сүрөт конкурсун уюштурат. Бул тууралуу  министрликтен билдиришти.  

Конкурстун максаты—улуу жазуучунун өмүрү  жана залкар чыгармалары менен таанышуу болуп саналат.

Конурстан жеңип чыккан эмгектер Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөгө коюлат. Жеңүүчүлөр конкурстан диплом, эстелик сыйлык жана сүрөт жыйнагы менен сыйланат.

Эмгектерди 2018-жылдын 20-мартынан кечиктирбей, “Балажан” борборуна берүү керек.

Кеңири маалыматты бул жерден табасыз: http://balajan.kg/приглашение-2/.

Кошумча маалыматты бул тел. аласыз: + 996 312 486475, + 996 312 383260, + 996 312 881211, Факс: +996 312 486319. E-mail: [email protected].

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты