Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстан президенттери жолугушту
- 7 лет мурун
- Блог
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек араны делимитациялоо боюнча түзүлгөн кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясына ишти илгерилетүү боюнча тапшырма беришти.
Бул тууралуу кыргыз президентинин Тажикстандагы расмий сапарынын убагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары айтышты.
— Эки өлкөнүн чек арасын юридикалык жактан каттоо биздин мамлекеттердин арасында өтө актуалдуу маселелердин бири. Биз чек аранын калган тактала элек бөлүктөрүнүн үстүндө иш алып барууга даярдыгыбызды билдиребиз, — деди тажик президенти Эмомали Рахмон.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандагы расмий сапарында соода-экономикалык кызматташуу жана коңшулук мамилени бекемдөө багытында 8 документке кол коюлду.
Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Борбордук жана Түштүк Азиядагы энергетикалык рынокту бириктирүүчү КАСА-1000 долбоорун ишке ашырууда бирге аракет көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда Тажикстандын Душанбе шаарына расмий иш сапары менен барды. Бул сапар тажик президентинин чакыруусу менен өтүүдө. Бүгүн Жээнбеков Тажикстандын премьер-министри жана парламент төрагасы менен жолугушуу өткөрөт.