Трамп Конгрессте өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасады (видео)

Трамп Конгрессте өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасады (видео)

Трамп Конгресстин бирдиктүү жыйынында президент болгондон бери биринчи жолу сөз сүйлөдү.

АКШ президенти өз билдирүүсүндө Кытай жана Орусияны Американын кызыкчылыктарына, экономикасына жана баалуулуктарына каршы турган атаандаштар деп атады. Ал мындан тышкары Конгрессти Иран менен өзөктүк келишимдеги фундаменталдуу кемчиликтерди жоюуга чакырып, АКШ Түндүк Кореянын куралдануусуна каршы “максималдуу кысым” кампаниясын улантарын белгиледи.

Трамп “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” террордук топторуна каршы күрөш улана берерин, АКШ саясатын колдобогон өлкөлөргө жардам берүү кыскартыларын айтты. Ал мындан ары Вашингтон Ооганстандан аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн жарыялабай турганын кошумчалады.

Трамптын сөзү 1 саат 23 мүнөткө созулуп, кол чабуулар менен коштолуп турду.

Салт боюнч президенттин кайрылуусунан кийин демократтарга кыскача сөз берилет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты