Сулуулар конкурсунда чатак чыкты

Сулуулар конкурсунда чатак чыкты«Кыргызстан сулуусу-2017″ сынагы чыр-чатак менен коштолду. Калыстар тобунун мүчөлөрү жеңүүчү алдын-ала эле аныкталып калганын, калыстардын пикири эске алынбаганын айтып чыкты. Сулуулар сынагынын айрым катышуучулары бул факты боюнча милицияга арыз жазышкан.

Бул сынакта Бегимай Карыбекова жеңүүчү деп табылып, таажы кийген. 100 миң сом сыйлыкка ээ болгон бул кыз эми “Дүйнө сулуусу” сынагында Кыргызстандын атынан чыкмакчы. Жалпысынан сынакка 17 бийкеч катышкан.
Катышуучулардын бири Алтынай Абдумомунова сынактын уюштуруучулары кыздарды туугандарына билетти мажбурлап сатканын, сата албагандарын сынактан четтетип койгонун видеого тартып, интернетте таратты. Анда белгилүү болгондой, ар бир сулуу катышуу үчүн 5 миң сомдон төлөп, андан сырткары 500 сомдон 30 билет, тагыраак айтканда, 15 миң сомдук билетти тууган-тааныштарына сатышы керек болчу.
Сулуулар сынагы адилет өтпөгөнүн, калыстардын пикири эске алынбаганын жана уюштуруу деңгээли төмөн болгонун  калыстар тобунун мүчөсү, ырчы Айгерим Расул кызы айтып чыкты.

— Бул тууралуу уюштуруучунун өзүнө айтайын дегем. Бирок ал телефонун өчүрүп, байланыштан качып жаткандыктан, баарын айтууга туура келди. Кыргыз өлкөсүнүн атын чет өлкөдө тааныта турган кыздарды тандоонун, сынактын, уюштуруунун деңгээли аябай төмөн  болгону адамдын ачуусун келтирет экен. Алсак, кыздар чыкчу подиум кичинекей, жарыгы жок, кыздардын беттери жакшы көрүнбөй жатты. Кыргыз бийи деп баарын чыгарып койду же алар көрүнсөчү. Анан да талантын көрсөтүүдө кээ бирлери жерге жата калып, кадимки стриптиз бийлеп киришти. Эл аралык сынактарга катыша тургандарды дагы ушинтип тандайбы? Биздин баа бергенибиз эсепке алынган жок. Жөн эле жазып коюп жаттык. Ал эми жеңүүчү болгон кызга келсек, ал жада калса “Сүймөнкул Чокморов ким болгон?” деген суроого жооп бере алган жок. Чокморов “Куугунтукта жүргөн журналист болгон” деп залдагы элди күлдүрдү. Анын жеңүүчү болгонуна каршылыгым жок, бирок андан да мыкты, суроолордун баарына жооп берген сулуулар бар болчу. Аны алдын-ала дайындашкан деп ойлойм. Себеби калыстар чечим кабыл алуу үчүн чогулганда уюштуруучу Сулуулар конкурсунда чатак чыктыТаттыбүбү Самидин кызы башынан жеңүүчүлөрдү тандап койгону белгилүү болду. Республикалык масштабдагы “Кыргызстан сулуусу” деген сынакты ушундай жаш, эч кандай тажрыйбасы жок кыздын тандоосуна ким уруксат берди деген суроо жаралат. Бизде Маданият министрлиги бар да. Башка өлкөлөрдө мындай чоң сынактарды бир гана Маданият министрлиги чечет. Улуу муундагы маданият өкүлдөрү бир нече сыноодон өткөрүп, татыктууну тандоо керек эле да. Биринчи улуттук каналдан жарнакты байма-бай кетириши керек болчу. А бул кыз Инстаграмм баракчасынан өзүнө керектүүлөрүн тандап алды. Андай сынактар чоң масштабда Опера-балет театрында, Спорт ордосу же Филармонияда өткөрүлүшү керек эле. Бул сынак коммерциялык максатта өткөрүлдү окшойт. Анан дагы 17 кызга 15000 сомдон билет саттырганда эле 255 миң сом болот экен,  жакшы бизнес жасаптыр. Бирок ушунча акча чогултат экен, жок дегенде подиумга жарык коюп койсо болмок экен. Кыскача айтканда, сынактын кемчиликтери аябай көп болду. Дипломдорду тапшыруу учурунда байкасам, эч бирөөнүн кол койгону же мөөр басылганы жок. Таттыбүбүнүн аты жазылып турат, бирок колу жок. Кыскасы, жөн эле бир кагаз. Мыйзамсыз сынак десе дагы болот. Мен атайын Ош шаарынан сынак мамлекеттик деңгээлде өтөт экен деп келгем. Бирок сынак мектеп деңгээлинде болду. Соңунда уялганымдан акырына чейин тура албай чыгып кеттим.
Ал эми сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаркын Муратбекова

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты